Ак-Талаа; Баетовдо сел жүрүп, унаа жолду жана айдоо аянттарын суу каптады

turmush
Скачать
Просмотров: 245
 
Опубликовано 23 Апреля 2024, 11:43

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагындагы Ичке-Суу чөлкөмүндө катуу жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ 22-апрель күнү болжол менен саат 15.30 чамасында катуу жааган жамгырдан Баетов айыл аймагындагы Ичке-Суу чөлкөмүндө же тактап айтканда Кайыңды-Булак айылындагы кыядан тарта Байгөнчөк айылына чейинки аралыкта сел жүрүп, сел унаа жолду жана айдоо аянттарын каптап өткөн.

Баетов айыл өкмөтүнүн маалыматына караганда, аталган чөлкөмдө сел жүрүп, айдоо аянттарды жана унаа жолду суу каптаган. Райондук жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду сүзүп, арыктарды калыбына келтирүү иштерин
жүргүзүлдү. Селдин кесепетинен дыйкандардын айдоо жер аянты эч кандай зыян, кыйроолорго учураган жок. Кайынды-Булак, Байгөнчөк айылынын айыл башчыларына мындан кийинки абалды көзөмөлдөп, суунун деңгээлин байкап туруу тапшырылды. Баетов айылынын түштүк тарабындагы негизги дамбага дагы көзөмөл жүргүзүлдү, абал туруктуу экендиги айтылды.