20-21-апрелдерде жааган шөшөрлүү жаандан кийин Кара-Суу районунун ондогон аймактарында сел жүрүп, унаа жолдорун, ички чарбалык жолдорду каптап, үйлөргө, соц.объекттерге суу кирген. Тоолуу айылдарда мал жандыктары агып, туристтер барчу жолдор тосулуп калган.
ӨКМдин Кара-Суу району боюнча бөлүмүнүн башчысы Сүйүн Осмонов Turmush басылмасына кабарлагандай, бүгүнкү күндө сел кирген жерлерде ӨКМдин жана айыл өкмөттөрдүн техникалары иштеп жатат.