Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айыл аймагынын Самансур айылындагы таштандыга айланган талаа акыр-чикирден тазаланды. Бул тууралуу Чым-Коргон айыл өкмөтүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, таштандылар эки техниканын жардамы менен тазаланды.
Буга чейин тургундар аталган талаага мал жайыл турганын, бирок айрым жарандар акыр-чикир төгүп, таштанды жайга айланганын билдиришкен.