Токмок шаарында жаан кирген мектептин чатыры 13 млн сомго алмаштырылып баштады

turmush
Скачать
Просмотров: 180
 
Опубликовано 16 Апреля 2024, 15:48

Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Токмок шаарындагы №7 орто мектептин ар кайсы жеринен тамчы агып жатат. Токмок шаарынын мэриясы кырдаалды көзөмөлгө алганын билдирди.


Маалыматка ылайык, аталган мектептин чатыры көп жылдан бери алмаштырылган эмес. Мындан улам жергиликтүү бюджеттен 16 млн сом бөлүнүп, тендер жарыяланган. Анын жыйынтыгында «Рим и Ко» ЖЧКсы 13 млн 100 сомго утуп алып, шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы менен аталган компаниянын ортосунда келишим түзүлгөн.

Чатыр жаңыртуу иши 8-апрелден тарта башталган. Ишти бүтүрүү мөөнөтү 45 күн деп белгиленген.