Ак-Талаа; 45 жаштан жогорку мырзалар волейболдо күч сынашты

turmush
Скачать
Просмотров: 291
 
Опубликовано 13 Апреля 2024, 23:12

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 45 жаштан жогорку спорт сүйүүчү ардагерлер арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 13-апрель күнү Рахат Касымбаев башында турган "Баетов 45+" командасынын уюштуруусунда 45 жаштан жогорку спорт сүйүүчү ардагерлер арасында ден соолукту чыңдоо, ынтымакты бекемдөө максатында айылдар аралык "Ынтымак кубогу" аталыштагы спорттук мелдеш өткөрүлдү. Мелдештин акчалай байгеси демөөрчү тарабынан каржыланып, ал эми ар бир команда 2 миң сомдон ортого төлөм акы коюшту. Мындан сырткары, диплом, кубок жана медалдар уюштуруучулар тарабынан камсыздалды.

Жеңүүчүлөр;

- 1-орунду Баетов айылынын командасы камсыздап, кубок, медаль, диплом жана 8 миң сом,
- 2-орунду Тоголок Молдо айылынын командасы жеңип медаль, диплом жана 6 миң сом,
- 3-орунду Кош-Дөбө айылынын командасы ээлеп, диплом, медаль 4 миң сом,
- 4-орунду Коңорчок айылынын командасы багынтып, диплом жана 2 миң сом менен сыйланды.

Мындан тышкары, "Мыкты чабуулчу" номинациясы менен Бакытбек Жусупбеков, "Мыкты байланыштыруучу" номинациясы менен Зайырбек Борбиев жана "Мыкты коргоочу" номинациясы менен Мансур Исхаков сыйланды.