Чүйдө «Бахус» рейди өтүп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 669
 
Опубликовано 12 Апреля 2024, 11:39

Чүй облусунун аймагында үч ай аралыгында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы 18 пайызга азайды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жыл башынан тартып Чүй облусунун аймагында 306 жол-унаа кырсыгы катталып, 477 жаран ар кандай жаракат алган. Бул көрсөткүч менен өткөн жылга салыштырмалуу жол кырсыгынан жаракат алгандардын саны 8 пайызга, көз жумгандардын саны 18 пайызга азайды.

Учурда облус аймагында «Бахус» аталышындагы рейддик иш-чара өтүп жатат. 11-апрелде башталган рейд 21-апрелге чейин уланат. Иш-чаранын максаты жол кырсыктардын алдын алуу жана болтурбоо максатында айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө жол эрежеси боюнча профилактикалык мүнөздөгү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.