Ошто милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү күч колдонуп унаага салып кетишти

turmush
Скачать
Просмотров: 552
 
Опубликовано 8 Апреля 2024, 12:09

Адашгул Акматова

11:59 (9 минут назад)

кому: мне

Массалык мушташтын алдын алуу: Ошто милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү күч колдонуп унаага салып кетишти ( видео)





Кечээ, 7-апрель күнү Ош шаарынын Гастелло көчөсүндө 3 жаш өспүрүмдү, милиция кызматкерлери күч колдонуп салып кетишкен. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.



Маалым болгондой, 3 жаш өспүрүмдү кармоо учурунда балдар кыйкырып, жардам сурап кайрылышкан. Кызматкерлер балдардын колун кайрып, күч колдонуп унаага салышкан. Ошол көчөнүн тургундары үйлөрүнөн ызы-чуудан улам чуркап чыгышкан. Айрымдары ызы-чуудан улам,уктап жаткан жаш балдар ойгонуп кеткенин да айтып, «акырын эле кармап кетсе болоорун» айтышкан.



Тасмадан Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн жаш балдар менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери, жаш өспүрүмдөрдү салып кетип жатканын көрүүгө болот.



Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиргендей, кечээ Ош шаарында жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда массалык мушташ болоору боюнча маалымат түшкөн. Топтолгон жерге кымзматкерлер барган учурда, балдар качып кетишкен. Качып кеткен балдарды тутуп келип, профилактикалык иштерди алып барышкан.