Ошто баңгизат саткан шектүүлөр кармалды

turmush
Скачать
Просмотров: 629
 
Опубликовано 13 Февраля 2024, 15:14

Ош шаарынын аймагында гашиш баңгизатын сатып жүргөн кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан өткөн жылдын декабрь айынан тартып Ош шаарынын аймактарынан гашиш баңгизатын колдонгон бир нече жаран кармалган.