Россиядагы кырсыктан кыргызстандык эки жаран каза тапты

turmush
Скачать
Просмотров: 5925
 
Опубликовано 7 Февраля 2024, 12:28

Россияда катталган жол кырсыктын кесепетинен Кыргызстандын эки жараны каза болду. Алар Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары болчу.

Багыш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ыкыбал Алимбекова Turmush басылмасына билдиргендей, каза болгон 2 айылдаштын бири кечээ, 6-февралда жерге берилсе, бүгүн, 7-февралда экинчиси акыркы сапарга узатылат.