Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектептин алдындагы 40 түп дарак мыйзамсыз кесилгени айтылууда

turmush
Скачать
Просмотров: 832
 
Опубликовано 26 Сентября 2023, 17:09

Ош шаарынын Туран муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан №26 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектептин алдындагы дарактардын 40 түбү уруксатсыз кыйылганы айтылууда.
Социалдык тармактарда аталган мектептин алдына тартылган видео тарады. Анда көрүнүп тургандай, теректер жашыл боулп турганына карабай кесилген.
Бул маслеле боюнча мектептин директорунан комментарий ала алган жокпуз.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош аймактык башкармалыгынын башкы инспектору Арын Эсенбаев мектеп жамааты жазган каттын негизинде текшерилип, андан кийин уруксат берилгендигин айтты.