Ош шаарындагы түнкү клубда эки адам кармалды

turmush
Скачать
Просмотров: 14
 
Опубликовано 31 Мая 2023, 13:02

Ош шаарында опузалап талап кылууга жана документтерди жасалмалоого шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ички иштер органдарына 2023-жылдын апрель айында 36 жаштагы жаран физикалык күч колдонуу менен коркутуп, мүлкүн тартып алган чала тааныш адамдарга карата чара көрүү суранычы менен кайрылган. 2022-жылдын жай айларында Жалал-Абад облусунун аймагында өздөрүн кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүбүз деп атаган айрым адамдар жабырлануучуга келишкен. Алардын максаты жабырлануучунун менчигиндеги кыймылсыз мүлктү тартып алуу болгон.

Жогорудагы факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш ишинин алкагында ыкчам иликтөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзө баштаган.

Опузалап талап кылууга шектелгендердин өздүгү аныкталып, алар мурда бир нече жолу соттолгон 1981-жылы туулган М.У. менен 1978-жылы туулган Ж.А. болуп чыккан. Алар жасалма документтерди жасоо боюнча да шектелүүдө.

«Кармоо иш-чарасы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Ош шаарында жайгашкан түнкү клубдардын биринде атайын операциялар отрядынын катышуусунда жүргүзүлдү.

Учурда кармалган адамдарга карата соттун чечими менен камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Тергөө иштери уланууда», - деп айтылат маалыматта.