Ак-Талаадагы эки сейил бакты жашылдандыруу иштери жүрүп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 357
 
Опубликовано 30 Мая 2023, 20:08

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы "Жеңиш" сейил багы жашылдандырылган аянтчага (сквер) айлантылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылдын борбордук Мырзалымбеков көчөсүнүн же тактап айтканда Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация имаратынын маңдайында жайгашкан "Жеңиш" сейил багын оңдоо же тактап айтканда заманбап сейил бакка айландыруу, жашылдандыруу жана жергиликтүү жашоочулардын эс алуусуна шарт түзүү максатында курулуш иштери жүрүп жатат.

Район акими Жумадилла Жапаровдун айтымында, сейил бакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүүгө 7 млн сомдой каражат каралган. Мунун 1 млн 700 миң сому Баетов айыл өкмөтүнөн, ал эми 5 млн 500 миң сому райондук өнүктүрүү фондунан каралган. Аталган сейил бактын ичине бийиктиги 4 метрден ашык 28 даана карагайдын көчөттөрү отургузулган. Адамдардын сейилдеп басып жүрүүсү учун 1800 чарчы метр жерге таштаган төшөлүүдө. Ошондой эле 40 даана түнкү чырактар орнотулууда. Мындан тышкары, отургучтар, балдар ойноочу аянтча курулат.

Ошондой эле, "Жеңиш" сейил багынын түндүк тарабында улай эле жайгашкан Ооган жана Баткен согушунун ардагерлерине арналып түзүлгөн сейил бакты дагы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн 3 млн сом каражат бөлүнгөн. Учурда курулуш иштери жүрүп жатат.