Куршабдагы эң чоң сейил бак кароосуз калды

turmush
Скачать
Просмотров: 262
 
Опубликовано 30 Мая 2023, 17:29

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айыл өкмөтүнүн балансында турган сейил бак кароосуз калды.

Айыл өкмөт башчы Саткан Келдибековдун айтымында, сейил бактын 51 сотых аякты жеке жактарга өтүп, 1,70 гектары 2036-жылга чейин арзан баада ижарага берилген. Буга чейин паркын жалпы аянты 4 гектар 70 сотых болгон. Учурда сейил бактын 2,5 гектары айыл өкмөттүн карамагында турат. Бирок бүгүнкү күндө ал жер да иштетилбей, кароосуз жатат.

«Парктын 51 сотыхы 1995-жылы менчикке өтүп кеткен экен. 2019-жылы 1,70 гектары 2036-жылга чейин ижарага берилген. Быйыл алар иштеткен жок.  Аларды чакырып, көрктөндүрүп, иштетүү керектигин айткам. Биздин балансыбызда азыр 2,5 гектары калган. Бишкектен да инвесторлор келип, ал жерди ишке киргизебиз деп аракет кылганбыз. Бирок ижарага алган адам «мен ижарага алгам, өзүм каалагандай иштетем» деп көнбөй койду. Сатып алган тарап да «менчикпиз, эч кимди киргизбейбиз» деп көнгөн жок. Сейил бактын бир тарабы сатылып, бир тарабы ижарага берилип кеткендиктен азыр биздин баланстагы жер ортодо болуп, калып калды», - деди айыл өкмөт башчы.