Ак-Талаада 45 чакырым жолго асфальт басылат

turmush
Скачать
Просмотров: 1336
 
Опубликовано 30 Мая 2023, 14:54

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов - Кош-Дөбө жана Баетов - Ак-Тал унаа жолуна асфальт төшөөгө даярдыктар жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, жергиликтүү жашоочулардын көкөйүнө көк таштай тийип, бет титиреткен Баетов - Кош-Дөбө унаа жолунун 6 чакырым аралыгына же тактап айтканда Баетов айылынан Ак-Чий айылына чейин асфальт басуу жана ошондой эле Баетов - Ак-Тал унаа жолуна 36 чакырымга асфальт төшөө иштерине даярдыктар көрүлүп жатат.

Ак-Талаа районун аким Жумадилла Жапаров быйыл район боюнча 45 чакырым аралыкка асфальт басыларын айтты.

"Быйылкы жылы Баетов - Кош-Дөбө унаа жолунун 6 чакырымына, Жаңы-Талап айылынын борбордук көчөсүнүн 2 чакырымына жана Кызыл-Белес айылынын 1 чакырымына республикалык бюджеттин эсебинен асфальт төшөлөт. Ошондой эле, капиталдык салымдар эсебинен Нарын - Баетов унаа жолунун же тактап айтканда Баетов айылынан Ак-Тал айылына чейин 36 чакырым жолго 2 катмарлуу асфальт төшөлөт", - деди аким.

Ал эми райондук жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Максат Орозалиев Баетов - Кош унаа жолу Ак-Чийге чейин асфальт басыларын белгилеп өттү.

"Баетов - Кош-Дөбө унаа жолуна асфальт төшөө иштери колго алынган. Айтсам, өткөн жылы аталган жолго асфальт төшөө иштери башталып, Баетов айылынан Ак-Чий айылына көздөй 4 чакырым аралыкка басылып бүткөн. Быйыл, ошол асфальт бүткөн жерден тарта кайра улантылып жатат. Быйыл 6 чакырымына төшөлөт. Ар бир чакырымына 7 млн 200 миң сомдон каражат каралган. Ак-Чий айылынын кире беришине чейин асфальт басылат. Июнь айынын аягына чейин жумуш бүткөрүлөт", - деди М.Орозалиев.

Ал эми «Кыргыздортранспроекттин» консалтингдик кызматынын техник-лаборанты Айбек Жунусов Баетов - Ак-Тал унаа жолуна 2 катмарлуу асфальт төшөлөрүн айтты

"Асфальт басылат турчу жолдун узундугу 36 чакырым. Учурда Кайыңды-Булак айылынын тушундагы унаа жолдун алдына дренаж куруу, кыянын алабыз кеңейтүү иштерин жана асфальт басууга даярдоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Жакында күндө атайын техникалар келет. Учурда, колубузда болгон техникалар менен ишти жүргүзүп жатабыз. Асфальттын туурасы 7 метр болот. Ал эми асфальтка чейин 36 метр кум, шагыл төгүлүп бийиктетилет. Асфальттын биринчи катмары 7 сантиметр, экинчи катмары 5 сантиметр болот. Буюрса, акча каражаты өз убагында бөлүнүп, техникалар берилсе жолду күзгө чейин бүткөрүп, пайдаланууга беребиз", - деди А.Жунусов.