Ноокаттагы мектеп жылыбай, ата-энелер нааразы болушууда

turmush
Скачать
Просмотров: 367
 
Опубликовано 26 Января 2023, 17:01

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ынтымак айыл өкмөтүндөгү Төрөбай Кулатов атындагы орто мектеби жакшы жылыбай, ата-энелердин нааразылыгын жаратууда. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазып жатышат.

Маалыматка караганда, аталган мектептин отканасы бар жана көмүр түшүрүлгөн. Бирок, ага карабай мектептин бөлмөлөрү жылыбай жатат. Учурда мектептеги бөлмөлөрдүн ички жылуулугу +7 градусту түзүп жатат.