Ак-Талаада "Түндүк" электрондук порталына каттоого турууда күндүк кезек жаралды

turmush
Скачать
Просмотров: 516
 
Опубликовано 26 Января 2023, 01:55

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда калкты "Түндүк" электрондук порталына каттоо учурунда катталуучулар тарабынан нааразычылыктар айтылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ 25-январь күнү калкты аталган порталга каттоо, "Түндүк" электрондук тиркемесин жүктөп алуу же тактап айтканда өздүк тастыктамаларын мүмкүндүк алууга 6-7 айылдан келген тургундар 1 күндүк кезек күтүүгө мажбур болушуп, пикир келишпестиктерден улам нааразычылыктар чыкты. Ага район боюнча 2 гана адис иштеп, жетишпегендиги себеп болгондугу айтылды.

"Бизге берилген графиктин негизинде эртең менен саат 9:00 дө келгенбиз. Келсек бул жакта болгону 2 гана адис иштейт экен. Эртең менен келгенбиз ошондон бери кезекте турабыз. Бир туруп интернет иштебей калат, бир туруп сервери иштебей калат. Ушунча элди чакыргандан кийин 4-5 кызматкер коюп коюшпайбы. Эки кызматкер каягына жетишет. Отурабыз эртеден бери. Айрымдар кетип калышты. Баарыбызды убара кылбай ар бир айылдын өзүнө эле уюштуруп коюшпайбы. Бизде деле үйдө оокатыбыз, бала-бакырабыз бар да. Керээли кечке ачка, бутубуз талып, кезек талашып турабыз. Бул эмне деген уюштуруучулук. Сактап эле чакырышпайбы. Бизди дагы жетекчилерибиз "барып бүтүрүп келгиле" дегенинен келсек, тейлөө начар. 100 гө чукул адамга 2 кызматкер жетише албай жатат", - дешти нааразы болгон тургундар.

Бул боюнча каттоого алып, "Түндүк" электрондук порталынан мүмкүндүк ачып берип жаткан адис Элзат Рысбек кызы эч кимди чакырбагандыгын айтты.

"Бул жерде порталдан жарандарга мүмкүндүк ачып берип жатабыз. Мынча адамды биз чакырган эмеспиз. Райондук билим берүү бөлүмү график түзүп, ошонун негизинде келишиптир. Бул жерде мүмкүндүк ачып бере турчу жалгыз эле өзүм бармын. Мени менен макулдашылган эмес", - деди ал.

Ал эми акимдин биринчи орун басары Улан Жылтыров

"Ал жерде ар бир жаран "Түндүк" электрондук порталына каттоого туруп, мүмкүндүк алып жатышат. Ар ким өзү тууралуу тастыктамаларын, маалымдамаларын ала алыша. Эми район боюнча жалгыз эле бир адис болуп жатат. Бүгүнкү кымгууттуу билебиз. Райондук билим берүү бөлүмү график түзүп мектеп, бала бакчалардын кызматкерлерин каттоодон өткүлө дептир. Бир күндө 60-70 адамды каттоого алса болот. Бирок, бир учурда каттай албайт да. Кезек күтүү жаралып кеткен. Ал кызматкерди айылдарга жибере албайбыз. Анткени, базасы бул жакта болуп жатпайбы. Эми муну иретке келтирдик. Күнүгө кезек менен бир же эки мектептен гана жибергиле деген тапшырма бердик. Бардыгын эч ким чакырган эмес. Ага деле облустук усулдук билим берүү борборунан "мугалимдер каттоодон өтсүн" деген тапшырма берилген экен. Ошонун негизинде бош ордун баары келип алышкан да. Кошумча кызматкер тартууга болбойт экен. Бул боюнча маселе койгонбуз. Бир эле кызматкер бүткөрөт, жетишет деп коюшкан. Учурда 2 кызматкер иштеп жатат. Бул эми иштин башталышы. Буюрса, бардыгы өз ирети менен бүтөт", - деди У.Жылтыров.

Бул боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев төмөндөгүдөй жооп берди.

"Облустук усулдук билим берүү борборунан мугалимдер, тарбиячылар, чарба кызматкерлери "Түндүк" электрондук порталына катталгыла деген тапшырма берилди. Биз өзүбүз барып катталдык. Анан мектеп, бала бакча директорлоруна "сабагынан бош кызматкерлер болсо келип катталгыла" дегенбиз. Эми ал жерге топурап барып, тигинткиле-минткиле деген жокпуз. Бул бир. Экинчиден, билим берүү тармагынын кызматкерлери эле эмес жөнөкөй тургундар, башка деле мекеме-ишкана кызматкерлери деле барып жатышат. Үчүнчүдөн, бул ар бир жаранга пайдалуу, керектүү нерсе экен. Анан биз деле "баарыңар топурап келип албагыла, бул жакта бир-эки эле кызматкер экен", акырындык менен өтө бергиле дегенбиз. Бул эми жумуштун эле кызыкчылыгы деп эсептейм", - деди К.Эсеналиев.