Ак-талаалык айдоочулар автоунааларды камсыздандыруу боюнча пикирлерин билдиришти

turmush
Скачать
Просмотров: 297
 
Опубликовано 25 Января 2023, 17:26

2023-жылдын 1-апрелинен тартып Министрлер кабинетинин ОСАГО полиси боюнча токтому күчүнө кирет.

Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, бул жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган органга транспорт каражаттарын милдеттүү түрдө камсыздандырбаган айдоочуларга чара көрүүгө жол ачат. Полиси жок айдоочулар 3000 сом айып пулга жыгылат.

«Өлкөдө 2015-жылдан бери «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамы иштейт (2016-жылы 7-февралда күчүнө кирген). Бирок бүгүнкүгө чейин аталган мыйзам объективдүү жана субъективдүү себептерден улам колдонулбай келген», - дейт министрлик.