Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын демилгеси менен Ысык-Көл облусунун аймагында “Карайтылган айнек” (Тонировка) жана “Жасалма мамлекеттик белги” (Подложный госномер) аталыштагы рейдтик иш-чаралар уюштурулуп өткөрүлүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ак-Суу райондук ЖКК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан “Мерседес-Бенц С180” үлгүсүндөгү автоунаасынын терезесин караңгылатып алып башкарып жүргөн Каракол шаарынын тургуну 1991-ж.т. Шамсутдинова Альфия токтотулуп, автоунаанын терезесин уруксааты жок караңгылатып алып башкарып жүргөндүгү үчүн, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү Кодексинин 194-беренесинин 3-бөлүгү менен протокол түзүлүп 20 000 (жыйырма миң) сом айып салынды.
Жол кырсыктарын алдын-алууга багытталган бул рейдтик иш-чаралар, облустун баардык шаар райондорунда январь айынын 28не чейин уюштурулуп өткөрүлмөкчү.