Бүгүн, 23-январь күнү Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик айылындагы №38 Садыр Эшматов атындагы орто мектептин ачылуу аземи болгон. Ага Президенттин Ош облусундагы ыйгаырм укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Өзгөн районунун акими Шабдан Абыкаев, Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Асанбаев жана араб демөөрчүлөрү катышкан.
Күбөлөрдүн айтымында, колуна нан жана кармаган эки окуучу кыз жука кийими менен жетекчилерди көбүрөөк күтүп калышкан. Ошондой эле мектептин ачылуу аземинде окуучу кыздар жука көйнөкчөн болуп бий аткарышкан.