Көмүрдүн карааны көрүнбөйт

turmush
Скачать
Просмотров: 1513
 
Опубликовано 29 Сентября 2022, 02:27

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы "Турук" көмүр кенинде абал оор экендигин акимдин биринчи орун басары Улан Жылтыров аймактык кабарчыга билдирди.

"Турук" көмүр кенине барчу жолдун абалы жакшы

"26-сентябрь күнү"Турук" көмүр кенине барып келдик. Алгач, кенге бара турчу жол тууралуу айтайын. "Сай-Ачык" көмүр кенин казып жаткан ишкананын техникасы менен "Турук" көмүр кенине барчу жолду оңдотуп койдук. Ошондой эле, "Турук Майнинг" ишканасынын эксватору менен Жаман-Даван суусундагы көпүрөлөрдү салмакпыз. Тракторист ооруп калып, экскаватор Жаман-Давандын оозунда турат. Буюрса, ал киши келсе, көпүрөлөрдү салабыз. Жолду оңдотууга Мурадил Жанышбекович күйүүчү майын чечип берген. Жол боюнча маселе болбойт, буюрса", - деди Улан Жылтыров.

Көмүрдүн азырынча көрүнө элек.

"Турукта буга чейин "Кенч Строй" жана "Турук Майнинг" жоопкерчилиги чектелген коому иш алып барып жатышкан. "Кенч Строй" ишканасы техникаларын ижарага алып келген экен. "Техникалардын ижарасы оор болуп кетти" деп казуу иштерин токтотуптур. Бул ишканага тиешелүү көмүр кесимин "Турук Майнинг" ишканасы экөө биригип тазалоо иштерин жүргүзүп жатышыптыр. Биз барган учурда, 3 "ХОВО" унаасы, 1 эксватор жана 1 погрузчик тынымсыз иштеп жатат. Учурда, тазалоо иштерин гана жүргүзүп жатышат. Азырынча көмүрдөн дайын жок, көмүр көрүнө элек. 30 миң тонна көмүр чыккыдай кылып тазалайбыз дешти. Бирок, тазалоо иштери 1 жарым айдай убакыт кетет деп жатышат. Өткөн жылы "Турук Майнинг" ишканасы казган көмүр кесими бар. Ал жерден бизге бюджетке көмүр берген. Ошол жерди тазалап, Ат-Башы районунун бюджеттик мекемелерине бир аз көмүр берилет дешти. Элге айтарыбыз, быйыл "Турук" көмүр кенинде ахыбал оор. Анткени, көмүр кен турган зоокадан кар эрип, жердин тоңу кеткиче, ишканалар техникаларын, акча каражаттарын даярдагыча эле ушул убакыт болуп кетет экен. Анын үстүнө, көмүрдү казып алуу дагы жылдан жылга оорлоп бара жатат. Көмүрдүн кору чоң асканын түбүндө болгондуктан, казуу иштери кыйын болууда. Быйыл, "Турук" көмүр кенинен көп үмүт кылбай Кара-Кечеден келген көмүрдү ала беришибиз керек. Бүгүн, көмүр тарткан айдоочуларга Кара-Кечеден көмүр тарта берүүлөрүн айтабыз", - деди акимдин биринчи орун басары.

Бюджеттик мекемелерге көмүр тартуу 80 пайызга аткарылды.

"Бюджеттик мекемелерге көмүр тартуу боюнча айтсам. "Турук" көмүр кениндеги ишканалар менен келишим түзгөндөрдүн көмүрү тартылып бүттү. Мындан Коңорчок айылынын 15 тоннасы калды. Мындан тышкары, Кош-Дөбө айылына 108 тонна көмүр тартылыш керек. Ал жакка көмүр тартуу боюнча тендерден бир ишкер утуп алган. Ал Туруктан тартабы же Кара-Кечеден тартабы, өз иши. Бир жуманын ичинде тартып баштайм деген. Ал эми, мекемелерден болсо кесиптик лицей менен райондук оорукана калды. Райондук оорукана Кара-Кечедеги "Кыргыз көмүр" менен келишим түзүп келип, тендер жарыялады. Тендер 29-сентябрь күнү ачылат. Тендерден ким утуп алса, тартып баштайт. Кесиптик лицейге учурда тартылып жатат. Буюрса бүтөт", - деди Улан Жылтыров.