Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт

turmush
Скачать
Просмотров: 377
 
Опубликовано 28 Сентября 2022, 14:36

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда психикалык жактан жабыркаган 276 адам каттоодо турат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун психиатр-наркология бөлүмүнүн башкы эмчи айымы Чатыркүл Дөнөнбаеванын айтымында, бүгүнкү күнгө карата район боюнча психикалык оору менен жабыркаган 276 адам каттоодо турат. Мунун ичинен быйылкы жылдын 3-кварталыгна чейин 7 учур катталган. 7 учурдун 6 учуру өспүрүм балдар. Психикалык оорулардын алдын алуу үчүн жыл сайын 10-октябрдан 10-ноябрга чейин акция өткөрүлүп турат.

Эми айым Ч.Дөнөнбаева мектептерге психолог мугалимдер керек экендигин айтты.

"Жашоодо адамдар кыйынчылыкка дуушар болуп, стресске кабылып калса, адамдар бизге кайрылбай, оорусун жашырып жүрө беришет. Оорунун алдын алып, бизге кайрылып турушса жакшы болмок. Учурда, Кыргызстандын ичиндеги ар бир орто мектепке психолог мугалимдер аба менен суудай керек. Балдарды өспүрүм жашынан тарта психолигиясын жакшы жакка калыптандырып турса абдан жакшы болмок. Керек болсо, уктап жатып жаман түш көрүп калса дагы адамдын психологиясы бузулат. Психикалык оорунун алдын алуу үчүн мектеп, бала бакчаларды, мекемелерди бир айлык акциянын негизинде кыдырабыз. Тилекке каршы, алыскы айылдарга транспорттун жана башка чыгымдарга байланыштуу жетпей калабыз", - деди эмчи айым.

Психикалык оорудан улам бир мугалим каза болгондугун кошумчалап өттү.

"Атын атабай эле коёюн. Жакынкы жылдарда бир мугалим психикалык жактан жабыркап жүрүп, кийин каза болуп калды. Ошондой эле, учурда дагы бир мугалим жашоосунда психикалык жактан жабыркап, бүгүнкү күндө Нарындагы психиатр бөлүмүнө барып жатып, дарыланып турат. Бизде бир туура эмес калыптанып калган нерсе бар да. Психиатрга барса эле "ии псих болуп ооруп деп айтышат" деп өздөрүн жашырып жүрө беришет. Кыргызда "ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт" деген сөз бар эмеспи. Психикалык оору адамды өлүмгө алып келет. Ошондуктан ооруну жашырып жүрө бербей, бизге кайрылгыла дейт элем. Тилекке каршы, бизде психолог дарыгер жок. Бирок Нарынга, Бишкекке дарыланып келүүгө жолдомо беребиз", - деди Чатыркүл Дөнөнбаева.