Жумгал районунун аймагында унаа сүзүп кеткен мал-жандыктар көп болуп жатат.
Айыл тургундары белгилегендей, учурда көмүр тарткан айдоочулардын унааны катуу ылдамдыкта айдап өтүп жатканы мал-жандыктарга залакасын тийгизип жатат. Байзак айылында жакында эле жылкынын бетинин жарымын шылып өткөн. Жылкы ошол жерден дароо жан берген. Ал эми Кызыл-Жылдыз айылында эшекти коюп кетишкен.
Жумгал районунун аймагынан жаңы курулуп жаткан Түндүк-Түштүк унаа жолу өтөт. Ошондой эле, көмүр тартылат.