Кочкорлук мергенчилер Талант Кадыркулов, Түлөберди Кыдырбаев жылкыларды жеп жүргөн эки карышкырды атышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Сары-Булак жайлоосундагы тоолорго жай айларында дөбөтү менен ургаачы карышкыр келип, бөлтүрүктөрүн чоңойткон. Жайкысын суур жеп, малчылардын малдарына тийбей тынч болгон.