Байгөнчөктө 500 дөн ашык таңгак чөптү өрт жалмап кетти

turmush
Скачать
Просмотров: 1077
 
Опубликовано 27 Сентября 2022, 01:39

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Байгөнчөк айылынын тургунун 490 даана таңгак чөбүн өрттөнүп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл башчысы Улукмырза Медербеков тастыктады.

Маалым болгондой, 26-сентябрь күнү, болжол менен саат 12:30 - 13:00 дөр чамасында айыл тургуну Нурбек Рысбаевдин бастырмасынын үстүндө жыйылып турган чөбүнөн өрт чыгып, 490 даана таңгак чөбүн жана чөп жыйналып турган бастырмасы дагы кошо күйүп кеткен. Ошондой эле, өрттүн жалыны кошунасы Жолдошбек Салмакеевдин дагы жыйналган чөбүнө жабышып, анын 50 таңгак чөбү, эндей жыйылган чөбү жана көңү кошо күйүп кеткендиги маалым болду.

"Нурбек байке короосунда трактор оңдоп жаткан маалда "дүп" деген үн чыккан экен. Караса эле, жыйналып турган чөбү жалбырттап күйө баштаптыр. Өрт бир заматта эле жалындап, чөптү айланып кетиптир. Үстүнө чыга калып, болгону 2 таңгак чөп ыргытканга жетишиптир. Өрттүн табы укмуш ысык болгондуктан оң жак колун чыканагына чейин өрт чаап кетиптир. Кошуналары келип суу ташып чачышып, чака-чайнеги менен өрт өчүрүүгө колдорунан келген жардамдарын беришти. Бирок, эч кандай толук өчүрүүгө алдары жеткен эмес. Кыскасы, жайлата жыйнаган чөбүнүн баары күлгө айланды. Өрт өчүргүчтөр келишти. Эми алар алыста турган Баетов айылынан келип, суу чачкыча эле чөптүн баары күйүп түшүп калыптыр. Нурбек байке 75-80 миң сомдук, кошунасы Жолдошбек байке 12 миң сомдук чыгым тартышты. Мындан тышкары, Нурбек байкенин чөп таңгактоочу (прессподборщик) техникасынын дагы бир дөңгөлөгү күйүп кетиптир. Эми өрттүн эмнеден келип чыкканы белгисиз", - деди айыл башчысы.