Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл аймагынын Арпа-Талаа жайлоосунда 1500 гектар аянт жер өрттөнүп кетти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ак-Талаа райондук бөлүмүнүн башчысы Максат Чоробековлун айтымында, 22-сентябрь күнү Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Арпа-Талаа аймагында болжолдуу 1500 гектар аянттагы кургак чөп өрттөнүп жаткандыгы боюнча маалымат тушкон. Маалымат боюнча Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу 1 аскер кызматкери жана айыл тургундарынан 45-50 адам өрт өчүрүүгө тартылып, саат 19:30 өрт толук өчүрүлгөндүгү маалым болду.