Чоң-Алайда койдун башына операция жасалды

turmush
Скачать
Просмотров: 5136
 
Опубликовано 13 Января 2022, 16:50

Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Суу айылынын 28 жаштагы тургуну 4-5 жылдан бери мал жандыктарга операция жасап аталган айыл өкмөттө ветеринар болуп иштеп келет. Кечээ жакында эле өзүнүн айылында башы айланган (ценуроз) койго операция жасап, элдин алкоосуна татыган. Бул тууралуу Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү жалгыз көзгө басар ветеринардык дарыгери Абдували Тажимаматов билдирди.
Анын айтымында, Чоң-Алай районунда киреше булагы мал чарбачылык болгондуктан мал доктурлук өтө керектүү кесип экенин сезип, атасынын жолун жолдоп 2012 жылы селхоз инуституна ветеринардык адистигине тапшырып, 2017-аяктаган.
«Окууну аяктап келип эле 2018-жылы айыл өкмөткө ветеринар болуп жумушка орношуп, иштеп келе жатам. Атам дагы айылда мал доктор болгондуктан жаш кезимден атама жардамчы болуп жүрүп көп нерсени практика кылып үйрөндүм. Бирок, теория дага сөзсүз керек. Учурда айылдагы малдарды мен тейлейм. Адам ооруса ооруан жерин айтат экен. Мал ооруган жерин айтпай да. Мал дарыгери болуп иштө да ары түйшүктүү бирок, кызыктуу кесип. 4 жыл аралыгында 10дон ашык койдун башына операция жасадым. Көбүнчө токту, козуларда көп кездешет. Эл арасында мындай (ценуроз) менен ооруган койлорду баш айланма деп коет. Мээсинде курт бар экен дешет. Аны мен операция жолу менен дарылап жатам. Койдун башындагы жүнүн тазалап кырып алып, (местный наркоз) наркоз берип, этин кесип, баш мээсиндеги ыйлаакча же жалпак тил менен айтканда куртту (ценуроз) алып чыгам. Кайра тигип, башын таңып, күн сайын дары дарметерди коюп карап турса 3 күндө кадимкидей кой болуп кетет. 3 күн башка малдарга кошпой өзүнчө кароодо кармап турулат. Анан айылда койлорду, уйларду өз алдынча тууй албаса аларды операция кылып төл алабыз. Андай учурлар көп. Анын бирде бир кызык окуя болду. Уй өз алдынча тууй албай анан ичиндеги музоосу өлүп калыптыр эми муну операция кылып алыш керек деп операция кылып алсак музоо тирүү чыккан. Аябай кубанганбыз»,-деди Абдували Тажимаматов.
Абдували Тажимаматов, үй-бүлөдө 6 бир туугандын бешинчиси. 3 эжеси 1 агасы жана 1 иниси бар. Учурда өзү үй-бүлөлүү 1 кыздын атасы.