Оштогу мейманканада ызы-чуу салган адам

turmush
Скачать
Просмотров: 6438
 
Опубликовано 1 Декабря 2021, 12:37

Ош шаарындагы «Классик» мейманканасындагы окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Буга чейин социалдык тармакка окуянын видеосу тараган. Колдонуучулар мейманканада жайгашкан бардагы жаңжалга милиция кызматкери катышканын жазышкан.

Замир Сыдыковдун айтымында, кечээ, 30-ноябрда өзүн тергөөчү, ыкчам кызматкер деп тааныштырып жүргөн Н.Д. мейманкага барып, ызы-чуу салган.