Жети-Өгүз районунда 15-октябрь — Бүткүл дүйнөлүк таза колдор күнү белгиленди. Бул күнгө карата 13-октябрда Жети-Өгүз айылындагы Данаке Иманов атындагы орто мектебинде «Таза колдор» акциясы уюштурулду. Мектеп директору Айнагүл Кадыркулованын айтымында, мектепте «Таза колдор» жумалыгы жарыяланган. Мындай иш-чаралар Бүткүл дүйнөлүк банк каржылап, кыргыз өкмөтү тарабынан ишке ашырылган АРИСтин «Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоору уюштуруп жатат.