Бир айылдын үч балбаны эр эңиштен жеңишке жетишти

turmush
Скачать
Просмотров: 392
 
Опубликовано 13 Октября 2021, 15:30

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын 3 балбаны эр эңиш боюнча облустук мелдеште алдыңкы орундарды камсыздашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Талаа районунун спорт инструктору Улан Догдурбек уулунун айтымында, Нарын районунун Кара-Кужур айылында Карагул атанын 70 жылдык мааракесине арналган улуттук оюндар өткөрүлүп, анда эр эңиш боюнча мелдешке түшкөн Жаңы-Талап айылынын 3 балбаны алдыңкы орундарды камсыздагандыгы маалым болду.

Тактап айтканда, 80 килограмм салмактагылар арасында 1-орунду Жекшенбек Турдубеков, 2-орунду Темирбек уулу Чолпонбай камсыздаса, ал эми 80 килограммдан жогоркулар арасында Максат Байбөтөшов 1-орунду ээлеп, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.