COVID-1: Кочкордо 69 медициналык кызматкер эмдөөдөн өттү

turmush
Скачать
Просмотров: 229
 
Опубликовано 13 Апреля 2021, 14:13

Кочкор районунда медициналык кызматкерлери COVID-19 илдетине карата вакцина алып жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кочкор райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жугуштуу оорулар боюнча дарыгери Наристе Бейшекееванын айтымында, эмдөө иштери 8-апрелден тарта башталган.

«Алгач буйрук боюнча медициналык кызматкерлер эмдөөдөн өтүп жатат. Биринчилерден болуп Кочкор аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Турат Жумабеков эмдөөдөн өттү. Жалпы 69 саламаттыкты сактоо кызматкерлери өз каалоосу менен эмдөө алышты. Эмдөө алгандарда эч кандай терс таасир байкалган жок», - деп билдирди.

Кочкор райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун иммунолог- дарыгери Мукан Шейшеналиевдин айтымында, Кочкор районуна 1400 доза вакцина келген. Ал 700 кишиге жетет.

«Эмдөө иштери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Каалабаган адамдар эмделбейт. Алгач медицина кызматкерлери, кийин мугалимдер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, тобокел топтордогу адамдар этап менен ыктыярдуу түрдө эмдөөдөн өткөрүлөт», - деп айтылат маалыматта.