Кара-Суудагы лөлү тектүүлөр шайлоого катышуусу төмөн болуп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 245
 
Опубликовано 11 Апреля 2021, 12:01

Кара-Суу районуна караштуу Жаңы маале айылындагы # 5221 шайлоо тилкесинде лөлү тектүүлөр шайлоого аз катышып жатат.

Кара-Суу районунну караштуу #38 М. Турсунзаде атындагы негизги мектебинде орун алган #5221 шайлоо тилкесинде шайлоочулар аз келип жатат. Бирок, шайлап чыккан жарандар таркап кетпей топ-топ болуп сыртта сүйлөшүп турууда. 4 эркек 1 аял киши шайлап чыккан адамдарды бир бирден жетелеп, шайлоо тилкесинен алыс эмес үйгө алып барып акча таратып жатат. Бул тууралуу Эмил Мурзабаев билдирди.

Анын айтымында, шайлап чыккан жарандарды 2- 3 үйгө алып барып акча таратып жатат. Шайлап чыккандар үйлөрүнө кетпей топтолуп турушат. Санитардык эрежелер сакталбай жатат. Акча таратып жаткан үйгө барып видеого тартканга аракет кылса, кууп чыгып ал үйдөн акча таратууну башка үйгө которушкан.

Жергиликтүү кеңештин жана референдумга шайлоочулардын саны аз болуп жатканын #5221 шайлоо тилкесиндеги төрага Төлөн Кадыров айтып берди.

"Саат 8 :00 дө шайлоочуларды кабыл ала баштадык. Бирок, шайлоочулардын саны аз болууда. Жалпы 1 миң 800 дөн ашык шайлоочулардын ичинен 3 саат аралыгында 175 шайлоочу добуш берди. Ошондо элдин 9 пайызы добуш берди. Башка шайлоо күндөргө караганда бул шайлоодо элдин катышуусу суз. Учурда комиссия мүчөлөрүнөн 14 кызматкер шайлоочуларды тейлеп, 5 киши байкоочу болуп отурат. Мыйзам бузуулар катталган жок. Таза шайлоо өткөрүп жатабыз",- деди Төлөн Кадыров.