Кочкордогу Шахмат академиясынын 3 жаштагы окуучусу Амина Шергалиева Бишкекте өткөн шахмат боюнча мелдеште мыкты оюнчу катары белектер менен сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Кочкор районундагы Т.Усубалиев атындагы Шахмат академиясынын эң кенже окуучусу Амина Шергалиева Бишкекте өткөн кыздар арасындагы мелдешке катышты. Ал 5 жаштагы кыздар арасында 1-орунду ээлеп, 6 жаштагы кыздар арасында 5-орунга ээ болду.