Ош мамлекеттик университети 2019-2020-окуу жылында пандемияга карабай бир топ алгылыктуу иштерди жасап, ийгиликтерге жетишти. Ректор Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат кайрымдуулук иштерин уюштуруп, колдон келген жардамдарды муктаждарга жеткирди. Унивеситеттин ар бир кызматкери пандемия менен күрөшүүгө өз салымдарын кошуп, жамааттын ынтымагын, бүтүндүгүн көрсөтүштү. Назарыңызга 2019-2020-окуу жылындагы аткарылган иштерди, урунттуу учурлардын хронологиясын тартуулайбыз.