Ак-Талаанын эки айылына соцобъектилерди куруу боюнча алдын ала макулдашууга кол коюлду.

turmush
Скачать
Просмотров: 402
 
Опубликовано 27 Ноября 2020, 15:59

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун эки айылына социалдык обьекти куруу боюнча алдын ала эки тараптуу макулдашууга кол коюлду. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн 27-ноябрь күнү айылдарды инвестициялоо долбоорунун (АРИС) өкүлдөрү менен Ак-Талаа райондук жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Баетов айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды-Булак айылына фельдшердик-аптекалык пунктун куруу, ошондой эле Тоголок Молдо айылдык ооруканасына жылуулук системасын киргизүү үчүн долбоордун өкүлдөрү жана эки айылдын айыл өкмөт башчысы менен айылдык кеңештин төрагасы эки тараптуу алдын ала макулдашууга кол коюшту.

Тактап айтканда, Кайыңды-Булак айылына ФАП куруу боюнча аталган долбоор тарабынан 3 млн 200 миң сом, айыл өкмөт тарабынан өздүк салым катары 120 миң сом, жалпы 3 млн 320 миң сом каражат каралат. Ал эми Тоголок Молдо айылдык ооруканасына жылуулук системасын киргизүүгө ушул эле долбоордон 1 млн 500 миң сом, өздүк салым катары айыл өкмөттөн 170 миң сом, жалпы 1 млн 670 миң сом жумшалмакчы.