-
Категория
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун "Турук"көмүр кенинде кыш мезгилине карата элди көмүр отуну менен камсыздоо боюнча көчмө штаб өткөрүлгөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ 19-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, район акими Сейтек Кулубаев баштаган бир катар тийиштүү мекеме-ишкана жетекчилери аталган көмүр кенге барышып, айдоочулар, көмүр казган ишкананын өкүлдөрү менен жолугушуп, көмүр казуу иштери менен таанышты.
"Турук" көмүр кенинен көмүр казуу үчүн "Сардар", Кенч Строй", "Ырыс кен" жана "Турук Майнинг" жоопкерчилиги чектелген коомдору лицензия алышкан. Учурда 4 ишкананын ичинен "Турук Майнинг" ЖЧКсы гана көмүр казып жатат.
Ак-Талаа районунун жергиликтүү жашоочулары соцсеттерде көмүр жоктугуна нааразы болушууда.
"Ушул убакытка чейин эл көмүр менен камсыз боло элек. Кыш болсо кирип келди. Күн күндөн-күнгө сууктап жатат. Бир тоголок көмүр ала элекбиз. Кышында шыйрагыбызды жагабызбы. Ак-талаалыктар толук кандуу көмүр ала электе көмүрдү сыртка чыгып кетип жатышат. Бийлик өкүлдөрү каякты карап отурушат", - деп нааразычылыктарын билдиришүүдө.
Көмүр тарткан айдоочулар кенге бара турчу жол тайгалак болуп, азап тартып жатышкандыгын айтты.
"Турук" көмүр кенине бара турчу унаа жол Жаман-Даван сайынын ичи менен кетет. Жолду көмүр казган ишканалар же бийлик тарабынан оңдолуп берилбейт. 4-5 жерден суу кечип өтөбүз. Жолдордун абалы абдан начар. Учурда, кар жаап салгандыктан жолдор тайгалак. Тик кыялардан унаалар тайгаланып чыга албай жатабыз. Ушундай ызгаар суукта талаага түнөп калган учурларыбыз болууда. Азыркы тапта, өзүбүз кум-шагыл жүктөй келип, тайгак жерлерге төгүп, араң чыгуудабыз. Жаман-Даван суусунун 4 жерине демөөрчүлөрдүн жана өзүбүздүн аракетибиз менен көпүрө салдык. Ал көпүрөлөр деле убактылуу. Жазында суу киргенде эле талкалап келет. Жыл сайын ушул жолду сүрдүрүп, түздөп берип коюп турушса. Айдоочулардын арманы эле жол, - дешти айдоочулар.
Көмүр казган ишкананын өкүлү 20-ноябрдан тарта көмүр тынымсыз берилерин билдирди.
"Жардыруу, кайра тазалоо иштерин жүргүзүүгө 1 жарым ай убакыт сарпталды. Бул иштерди аткаруу абдан оор болду. Көптөгөн кыйынчылыктардын арты менен акыры көмүр корун ачып алдык. 10 миң тоннадан ашык көмүр кору бар. Бүгүндөн тарта элге көмүр тынымсыз бериле баштайт. Күн сайын 100 гө чукул унааларга көмүр жүктөп берип, жөнөтүп турабыз", - деди ал.
Көмүр казбай койгон 3 ишкананын лицензиясын алуу боюнча сунуш берилгендигин аким С.Кулубаев баса белгиледи.
"Көмүр казуу боюнча 4 жоопкерчилиги чектелген коому лицензия алган. Тилекке каршы, "Кенч Строй" жана "Ырыс кен" ишканалары пандемияга байланыштуу бара албай калышканын билдирген. Ал эми "Сардар" ЖЧКсы август айынын орто ченинде келип, сентябрь айынан тарта 26-октябрь күнү "2 техникабыз бузулуп калды" деген себеп менен кетип калды. Ушул 3 жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиясын алуу боюнча тийиштүү жактарга сунуш бердик. Учурда, "Турук Майнинг" ЖЧКсы гана иш алып барууда", - деди аким.
Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров 15 күн аралыгында эл көмүр отуну менен толук камсыздалышы керектигин айтып, тиешелүү тапшырмаларды берди.