Ак-Талаалык ырчы, аккардеончу жана тамада М.Шералиев менен маек.

turmush
Скачать
Просмотров: 3257
 
Опубликовано 28 Октября 2020, 16:32

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну, ырчы жана музыка мугалими Мирлан Шералиев менен аймактык кабарчы маектешти.

Мирлан Шералиев 1977-жылы Баетов айылында төрөлгөн. М.Ломоносов (азыркы Шүкүрбек Бейшеналиев) атындагы орто мектебинде окуган. Окууну аяктаган соң Мааданбек Барашов атындагы кесиптик лицейде билим алган. Лицейди бүткөндөн кийин, бир жарым жыл райондук маданият үйүндө иштейт. Андан соң Ишенаалы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин музыка факультетине окууга өтүп, музыка мугалими кесибине ээ болот. Окууну бүтүп, Бишкекте айдоочу болуп эмгектенет. 2008-жылы айылга кайтып келип маданият үйүндө, кесиптик лицейде өз кесиби менен алып барган. Учурда, Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинде музыка мугалими болуп эмгектенүүдө.

- Ырчылык талантыңыз туурасында айтсаңыз?

- Кумарбек атам 1999-жылы авто кырсыктан каза болгон. Атам маданият үйүндө ырчы болуп эмгектенген. Кээде аяш аталарым "сенин атаң ырдаганда элдер тура калып кол чаап турушчу. Сен атаңа жете элексиң" деп айтып калышат. Менимче, ырчылык талант атамдан мага өтсө керек. Биринчиден ата жолун жолдоп, экинчиден кудай берген талант менен өз ишимди аркалап келе жатам.

- Эл көзүнө көрүнүп жүргөн инсансыз. Күн-түн дебей тойлордо кызмат кылып келесиз. Жубайыңыз кызганбайбы?

- (күлүп). Кызганууга жол бербейбиз. Той-тамашада көп жүрөбүз. Тийишкендер болот дегендей. "Жактырып калуу, сүйүп калуу" дегенге жол бербейбиз. Жубайым кызганат, бирок чеги менен кызганат. Анын үстүнө, биз кызгануу, сүйүү деген сыяктуу көрүнүштөрдөн өтүп кеттик. Жаш эмеспиз. Балдар чоңоюп, алды студент. Атам айтып калаар эле; "балам, балалуу болгондо билесиң" деп. Анын сыңарындай, биз азыр балдардын түйшүгүн тартып калган кезибиз. Ырчылыктын эң башкы артыкчылыгы - элдин маанайын көтөрүү, жакшылыктын жарчысы болуп жүрүү эсептейм. Терс жактары жок.

- Өзүңүз ата жолун жолдоп жүрөм дедиңиз. Бирок, сиздин жолуңузду жолдоп, ырчылыкка кызыккан уул-кыздарыңыз барбы?

- Экинчи кызым бар. Музыкалык мектепте 2-класста окуйт. Жакшы ырдайт. Бир жолу кызымдын мугалими "өзүң музыкант болсоң, кызыңды ырдатып бер" деп кайрылды. Кызым "Биринчи мугалим" деген ырды ырдап чыкты. Ошол мектепте кандай гана иш-чара болбосун 2 жыл боюу ошол ырды ырдатып жүрүштү.

- Көбүнесе, аккордеон менен ырдап келесиз. Башка дагы музыкалык аспаптарда ойной аласызбы?

- Студент кезимде гитара чертип жүрдүм. Ошондой эле комуз, ооз комуз чертип, фортепианодо ойноп, баян тартам. Сахнада, той-тамашаларда ырдап жүргөнүм башка иш. Үйдө баардык музыкалык жабдыктарым бар. Үйдөн дагы ырдай берем. Үйдөн ырдоо - бул даярдануу. Мен ырдап жатсам балдарым кошо ырдап киришет. Алардын бизге караганда акыл-эси тунук эмеспи. Ырды унутуп калып, кагаздан карай каласың да. Балдарым болсо менден биринчи жаттап алган... кагаздан карабай ырдап кетишет.

- Жакшылыктын жарчысы болуп тойлордо ырдап жүрөсүз. Карантин учурунда ырдабай кантип чыдап жүрдүңүз?

- Чындыгында аябай бук болдум. Карантин учурунда той, жакшылыктын баары жылдырыла берип, ушул учурга туш келиптир. Тойлор абдан көп болууда. Жетише албай дагы жатабыз. Андан ала чакырууларды блокнотума так күндөрүн, сааты менен белгилеп жазып алам. Былтыркы жылы, бир жолу досторум "бир айда канча тойго кызмат кылдың?" деп суроо берип жатышпайбы. Өзүм дагы кызыгып, блокнотумду карап, "2 айда 44 тойго барып, 44 тай жептирмин" деп тамашалап жооп бердим. Кайсы тойго барбайлы... 1 тойго эле сөзсүз түрдө 1 тай 10-15 кой-козу союлуп кетет. Албетте, бул ысырапкорчулук. Эми кантейин десең, карым-катыштары көп адамдар ошончо мал союууга туура келет экен да. Тойдун шааниси, мааниси ошол экен.

- Тойлордо кылган кызматыңыздын баасы канча?

- Ак-Талаа району боюнча тамадалар бир бааны коюп алганбыз. Музыкалык байлыктарыбыз, ырдаганыбыз менен биригип 5 миң сом. Кыргызстан боюнча эң арзан кызматты биз кылабыз. Достор, катышыбыз жакшы тааныштардыкы арзан, айрым учурда бекер дагы кызмат кылып берүүгө туура келет. Бирок, акчанын артынан чуркабайбыз. Бир аз акча алам деп, андан кийин карым-катышуудан үзүлүп калгым келбейт. Ал эми район ичиндеги башка айылдарга деле ушул каражатка кызмат кылабыз. Болгону айылга барып-келүүгө сарпталган күйүүчү майдын акчасын төлөп беришет. Тойлор мынча ыр ырдап беребиз деген чектөөлөр жок. Той бүткүчө ырдап, келген коноктордун колдон келишинче көңүлдүү отурушуна өбөлгө түзүп берем.

- Кайсы инсандардын, кандай чыгармаларды эл алдына ырдап жүрөсүз?

- Өсөөр өзүн сыйлайт дегендей, көбүнесе Ак-Талаадан чыккан Калмурат Рыскулов, Муса Баетов, Дербишкан Ажиев сыяктуу залкар инсандарыбыздын чыгармаларын аткарам. Жөн эле ырдап койбостон ошол ырларды элге жеткире ырдоо керек. Сырттан конокко келип калгандар "көп эле ыр угуп жүрөбүз, мындай мыкты ырды биринчи жолу угуп жатам" деп ыраазы болуп кетишет. Дагы бир өзгөчөлүк айтып кетейин. Ырчылык менен биринчиден, залкар инсандардын ырларын даңазалоо, экинчиден өсүп келе жаткан талантуу балдарды тарбиялоо, үчүнчүдөн элдин маанайын көтөрүү, төртүнчүдөн үй-бүлөңдү багуу деп билем.

- Тойлордо кызыктуу окуялар көп эле болсо керек?

- Эми көп эле окуялар болот. Тойдо ар кандай номинация боюнча оюн өткөрөсүң да. Мисалы, "эң узун тост", "эң кыска тост", "бейбаш куда", "жоош куда" деп тандап аласың. Мындан эки жылдай болуп калды. Куда тосуу тоюнда кызмат кылып жүрөм. "Жоош куда" деген номинация боюнча тандоо болуп калды. Бир куда аябай жоош экен. Ичип, бийлеп деле жүрөт. Ошол кудага "жоош" номинациясын, сыйлыгын берип, каалоо-тилек айтып коюңуз десем... "Эки жаш бактылуу болсун" деп айтып туруп, калган элди айланта карап "калгандары эмне болсун ошол болсун" деп коёт. Тойдо отургандар боорубуз эзилгенче каткырып күлүп жатабыз.

- Көп жылдан бери чыгармачылык менен жүрөсүз. Кандай сыйлыктарга жетише алдыңыз?

- Жаңы-Талаптык Рахат деген кыйын комузчу агай бар. Кыргызстанда кыйын комузчулардын бири. Бир жолу ошол агай "Сыйлык деп эле сыйлыктын дагы баркын кетирип салышты. Кечээки эле балдарга эл артисти деген наамдарды берип салышты. Кайсы кылган иши үчүн беришти? 1-2 ыр ырдап коюшкандыны үчүнбү?" деп айткан эле. Ушул агайдын сөзүнө кошулам. Менимче сыйлыкты эл берет. Эл сени баалап жатабы, демек сыйлыгың ошол. Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын жана Баетов айыл өкмөтүнүн ардак грамотасын алгам. Андан башка сыйлык алып көрө элекмин. Сыйлык алууга деле кызыкпайм. Мындан 5 жыл мурун Бишкекте республикалык деңгээлде атактуу ырчылардын чыгармаларын аткаруу боюнча сынакта 1-орунду жеңип алдым. Былтыр, республикалык деңгээлдеги "Аккардеон сыздачы" деген долбоорго катышып, лауреат болдум. Ошол долбоордогу лауреаттар, башкача айтканда жеңүүчүлөр улуттук филармонияда 2020-жылдын март айында концерт бермекпиз. Тилекке каршы, кырдаалга карата токтоп турат. Ошол долбоордо калыстар айтты "айылда эмне кылып жүрөсүң, борборго келбейсиңби, айылдык ырчы болуп жүрө бересиңби" дешти. Биз бир нерсени билишибиз керек да. Чыгармачылык, талант деген айылда жашайсыңбы, шаарда жашайсыңбы... маанилүү деле эмес. Негизгиси, өнөрүңдү элиңе тартуулап туруу, эмгек кылуу маанилүү.

- Жубайыңыз менен бирге түтүн булатып жашап келе жатканыңызга канча жыл болду?

- Жубайым Динара Турусбекова. Учүрда бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенет. Биз окуп жүргөндө таанышып, 1 жылдан ашык убакыт сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Огондо 24 жашымда үйлөнгөм. Мен анда И.Арабаев атындагы университетте 2-курс болчумун. Динара 1-курска келип студент болуп калды. И.Арабаев атындагы университеттин жатаканасында жалаң эле кыздар жашачу. Теңтуштарыма айтып калам "Мен миң кыздын арасында жалгыз жашачумун. Музыканттардын жүрөгү назик болот экен... аяшыңар (жубайы Динара) сага тийбесем өлүп калам" дегенинен "кой, бирөөнүн кызы өлүп калбасын деп алып алгам" деп тамашалап калам (күлүп).