Ак-Кыяда 1992-жылкы классташтар жалгыз бой энеге жаңы үй куруп беришти

turmush
Скачать
Просмотров: 1883
 
Опубликовано 24 Октября 2020, 00:44

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылындагы жалгыз бой энеге 10 жылдык бүтүрүүчүлөр үй салып беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Кыя айыл өкмөттүн социалдык иштер боюнча адиси Назира Чыкын айтымында, 4 балалуу жалгыз бой эне Жазгүл Бектурсуновага 10 жылдык бүтүрүүчүлөр же тактап айтканда 1992-жылкы классташтар 3 бөлмөлүү үй куруп беришти.

"Жазгүл Бектурсунованын 4 кызы бар. Өзү жалгыз бой эне. 1 кызы мектепти бүтүп кетсе, 3 кызы учурда мектепте окуйт. Айылдагы Асанаалы Абдраимов атындагы орто мектебинде кеңсе тазалагыч болуп эмгектенет. Жолдошу 3 жыл мурун оорудан улам каза болуп калган. Жазгүл буга чейин жепирейген 2 бөлмөлүү эски үйдө жашап келген. 1992-жылкы жигиттер 3 бөлмөлүү жаңы үй салып беришип, ачылыш аземи дагы белгиленди", - деди Назира Чыкын кызы.

Ал эми 10 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн бири Нурсултан Чолпонбаев үйдүн курулушуна 300 миң сом каражат сарпталганын айтты.

"Мектепти бүткөнүбүзгө 10 жылдын жүзү болуптур. 10 жылдык мааракебизди өткөрүүгө сарпталат турчу каражатыбызды соопчулук ишке жумшасакбы деген максатта жардамга муктаж жердешибизге жардам кылалы деп жүргөнбүз. Айыл боюнча карап, 4-5 үй-бүлөнү тандап алганбыз. Мунун ичинен Жазгүл жеңени тандап алып, үй салып берүүнү чечкенбиз. 15 жигит чогулуп, 300 миң сом чогулттук. Бул каражатка курулуш материалдарын сатып алдык. Ал эми курулуш иштерин өзүбүз аткардык", - деди Н.Чолпонбаев.