Араванда үгүт учурундагы чырдан 12 адам ооруканага түштү

turmush
Скачать
Просмотров: 17481
 
Опубликовано 20 Сентября 2020, 23:53




2020-жылдын 20-сентябрында саат 19:15 минутада белгисиз жараан Араван РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө "102" телефон аркылуу Араван районунун С.Юсупов айыл аймагынын, Араван айылында белгисиз адамдар урушуп жаткандыгы кабарлаган. Аталган факт боюнча маалымат Араван РИИБдин кылмыштардын 2020-жылдын 20-сентябрь күнү саат 21:30га карата Араван райондук ооруканасына 11 жаран, Ош шаардык ооруканасына 1 жаран ар түрдүү дене жарааттары менен кайрылышкан, андан сырткары 5 автоунаа каражаты талкаланган.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен (жашы жете электер 2 жыл 6 айдан 4 жылга чейин, ал эми башка физикалык жактар 5 жылдан 7 жыл 6 айга чейин эркинен ажыратылат.) Араван РИИБдин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.