Тоң районунун Кызыл-Туу айылынын 31 жаштагы тургуну Белек Табылдиев 5 баланын атасы. Ал 2-класста окуган уулунун асымы менен сыймыктанып келет.
Анын айтымында, баласына Бишкек деген ысымды атасы ыйгарган.
«Билимим орто. Айылда сугат суу бөлүштүрүп, мурап болуп иштейм. Баламдын аты-жөнү Табылдиев Бишкек Белекович. Тоң районунун Кызыл-Туу айылында 2012-жылы 15-сентябрда төрөлгөн. Кечээ классташтарын, досторун туулган күнүнө чакырып коюптур. Жакшы белгилешти. Мырзабек Жумаев атындагы орто мектепте 2-класста окуйт.
Атын атам Таабалды Мааткеримов койгон. Себеби балам төрөлгөндө Бишкек баатыр болгон же болгон эмес деген талаш болуп жүргөн. Ошол баатырдай бала болсун деген ойдо койду. Менин балдарымдын баарынын аттарын атам койгон.
Башында атын айтканда, элдер тамашалап жатат деп ойлошкон Азыр таң калбай деле калышты. Бирок биринчи уккандар таң калышат. Анан «эмнеге мындай деп койгонсуңар?» дешет. Маанисин сурашат», - деди ал.