Балды кантип Японияга, Кытайга экспорттого болот?

turmush
Скачать
Просмотров: 827
 
Опубликовано 12 Августа 2020, 15:43

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Чак айылынын 34 жаштагы тургуну Максат Алипбеков үй-бүлөсү менен 5 жылдан бери аары кармайт. Ишке жөндөмдүү украиналык карпат түрүндөгү аарылар, жакшы бал чогултат. Ишмердүүлүгүн алгач 20 жашык бал аарылар менен баштаса, учурда жашыктын санын 120 га жеткен. Бул тууралуу Максатбек мырза аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.