Сулайман-Тоодо жаныбарлар дүйнөсү жарды. Талаа ташбакасы, кескелдирик, жылан, түлкү, коен, кирпи жана башка жаныбарлар байырлашат. Бүгүнкү күндө тоого адамдардын көп келүүсүнөн же тоодо жашоого шарттын жоктугунан жаныбарлдардын түрү азайган. Мындан сырткары омурткасыздар классындагы жаныбарлардын да көпчүлүгү тоону байырлап келет. Канаттуулардын да бир топ түрлөрү бар. 20-кылымдын 90-жылдарында Сулайман-Тоонун флора-фаунасын байытуу иштери жүргүзүлгөн. Бирок тоонун климатына ыңгайлаша албай, көпчүлүк жаныбарлар жашоосун токтоткон. Ал эми канаттуулардан талаа таранчысы, жылкычы чымчык, кекилик, кара чыйырчык канаттууларын кездештирүүгө болот. Тоонун өсүмдүктөрү кургак талаа жана жарым чөл өсүмдүктөрүнө таандык. Тоонун капталдарында кылкандуу жана жаздык сымал чөп өсүмдүктөрү басымдуулук кылат. Сулайман-Тоонун топурагы боз топуракка кирип, курамында аки таш болгондуктан, борпоңдуулук аз болуп, көп өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө тоскоолдук кылат.