2020-жылдын 30-июнь күнү Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан облус аймагында «Нелегал» операциясы өткөрүлдү. Бул операциянын алкагында экстремизм багытында ыкчам-иликтөө жана профилактикалык иштер жүргүзүлүп, буга чейин ачылган сотко чейинки өндүрүш иши соттун кароосуна жиберилди.
Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2020-жылдын июнь айынын башында Базар-Коргон районунун И. аттуу тургуну социалдык тармакта элдерге «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик агымынын идеологиясын үгүттөп жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган. Аталган факт Базар-Коргон РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Анын алкагында Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Базар-Коргон районунун 2001-жылы туулган тургуну Д.И. элдерге «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик агымынын идеологиясын үгүттөп жаткандыгы аныкталып, анын социалдык баракчасынан алынган материалдарга диний-теологиялык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында алынган материалдар КРнын аймагында тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик агымына таандык экендиги аныкталган.
Шектүү Д.И. жасаган кылмыш ишине өкүнүп жаткандыгын ачыктап, видеодо кайрылуу жасады. Ал «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик агымынын идеологиясы туура эместигин, мындан ары мындай материалдарды таратпай тургандыгын билдирди.
Бул факт милиция тарабынан толук тергелип бүтүп, «Нелегал» операциясынын алкагында Базар-Коргон райондук сотунун кароосуна бүгүн, 30-июнда жөнөтүлдү.