Алыскы Ак-Сай өрөөнүнө бара турчу жол кырылып, тазаланууда
Ак-Сай өрөөнүнө бара турчу жолдор Ат-Башы жана Нарын райондук мамлекеттик администрацияларынын биргелешкен аракети менен кырылып, түздөлүүдө.
Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы районунун акиминин орун басары Максат Кадыркулов билдирди.
Иштин негизги максаты, райондордун малчыларын алыскы жайлоолорго көчүрүүгө ыңгайлуу шарт түзүп берүү.
"Ак - Муз айылынан наркы Ак-Сай өрөөнүнө чыккан жерден баштап, Ак-Сай өрөөнүнө чейин барат. Ак-Сай өрөөнүнөн дагы Чатыр-Таш, Мүдүрүм, Жаңы маданий борборго чейинки жолдор оңдолот. Бул жерде майдын жетишине жараша болот. Анткени мамлекеттен бөлүнгөн жок,айыл өкмөттөр, жайыт комитеттери, райондук мамлекеттик администрация тарабынан 4 тонна май чогулган. Бүгүнкү күнгө карата 50км жер кырылды. Ат-Башы райондук 20 жол тейлөө ишканасынын 3 грейдери жана 1 погрузчик жумушка тартылды"-деди ал.