Таластын Өзгөрүш айылында сел ага турчу канал тазаланды

turmush
Скачать
Просмотров: 37
 
Опубликовано 29 Мая 2020, 15:45

Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында сел ага турчу канал тазаланды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, бул иштер сел каптоолорду алдын алуу максатында аткарылды. Анын жыйынтыгында Төң-Төрт сел өткөрүүчү каналынын жалпы 450 метр аралыгы тазаланып, бекемделди. Жалпы 32 үй селден корголду.