Ак-Кыя айылынын жергиликтүү жашоочулары митингке чыгышты

turmush
Скачать
Просмотров: 29277
 
Опубликовано 22 Мая 2020, 22:21

Кечээ, 22-май күнү Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылынын жергиликтүү тургундары митингке чыгып, коронавиурс аныкталган жарандарды алып кетүүгө барган мобилдик топко каршылык көргөзүшкөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 20-май түнү айылдын тургуну Саматбек Осмоналиевдин кичинекей кызын жана анын байкесинин үй-бүлөсүн алып кетүүгө 7-8 унаа менен келишкен дарыгерлерге нааразычылык билдирип, митингке чыгышкан.

"Мурдагы түнү 7-8 машине менен дарыгерлер опер кызматкерлеринин коштоосунда түн ичинде басмачыларды алып кетчүдөй болуп келишиптир. Күндүз келишсе болбойбу... ага бизден анализ алып жатышканда телефон номерлерибизди жазып алышкан. Телефон чалып түшүндүрүп, эртеси эртең менен келишсе, биз деле мыйзамга баш ийип, тынч барып бермекпиз да. Эмнеге, эл тынчып калганда түндөп келишет. Алар, түн ичинде айылдын тургуну Саматбек Осмоналиевдин үйундөгү кичинекей кызды жана байкесинин үй-бүлөсүн алып кетүүгө келишкен экен. Эл "эмне үчун түндө келишет" деп, ошого нааразы болуп митингке чыктык. Корнавиурс чыкты деген адамдардын анализдеринин кагаздарын көрсөткүлө десек жөн эле аты-жөнү жазылган, эч кандай печать же кол коюлган кагазды көрсөтө албай коюшту. Биз анан кантип ишенебиз.
Андан сырткары, азыркы тапта жергиликтүү тургундар дыйканчылык менен алпурушуп жаткан учур. Айылды карантинге алып салып, талаа иштерине чыга албай калдык. Элдин акчасы, азык-түлүгү түгөндү. Айылагы постторду алууну талап кылдык. Бирок алышкан жок", - дешти жергиликтүү тургундар.

Бул боюнча райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Жаркын Бообекова илдет аныкталган адарандар ооруканага жатпайбыз деп каршылык кылышкандарын айтты.

"Бүгүнкү күнгө карата Ак-Талаа району боюнча жалпы 18 жарандан аталган илдет катталды. Мунун ичинен 14 жаран Ак-Кыя айылынын тургундары. Баардык бейтаптар аймактык ооруканага жаткырылды. 18 жарандын тең анализдери келген. Ак-Талаада дарыгерлер жетишсиз болгондуктан Бишкектен инфекционист дарыгер келип бейтапдарды дарылоодон өткөрүп жатат. 18 жаран менен байланышта болгондор обсервацияга жана үй карантинине алынып көзөмөл жүргүзүлүүдө.
23-март күнү эл арасында түшүнбөстүктөр болуп, илдет катталган жарандар ооруканага жатуудан баш тартышып, каршылык көрсөтүштү. Илдет чыккан жарандар ооруканага жатпайбыз дешсе, "таза эле турушбайбы" деп жергиликтүү тургундар дагы колдоп туруп алышты. Анализдерин көрсөтсөк ишенбейбиз деп жатышты. Ушуга байланыштуу район жетекчиси баш болуп эл менен жолугуп түшүндүрүү иштери жүргүзулүп, сүйлөшүүлөрдөн соң илдет катталган жарандар ооруканага алынып келип, жаткырылды", - деди Ж.Бообекова.

Бул боюнча район акими Сейтек Кулубаев жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүүлөрдөн илдет катталган жарандар ооруканага жаткырылгандыгын айтты

"Нарын шаарында төрөт бөлүмүндө сохранениеде жаткан Ак-кыя айылынын тургуну 30-апрель күнү ооруканадан чыгып, 9-майга чейин айылда болгон экен. Ал учурда анализи аныктала элек болгон. 9-май күнү кайра Нарын шаарына жеткирилип, 11-май күнү анализи чыгып келип, илдет аныкталып чыгып, ал келин ошол жакта дарыланууда. Ал эми ал келин менен байланышта болгон жакын туугандары, үй-бүлө мүчөлөрүнөн биринчи учурда 6 адамдан илдет аныкталган. Алар райондук ооруканага алынып келип жаткырылган. Ошондой эле 20-май күнү кечки саат 19.00 - 20.00 дөр чамасында ошол келиндин 8 тууганынан илдет аныкталып, 20-майдан 21-майга караган түнү аларды алып кетүүгө барган саламаттык сактоо боюнча мобилдик топ менен жарандардын ортосунда түшүнбөстүк, пикир келишпестиктер болуп, суроолор жаралган. Кечээ, 22-май күнү бир катар тиешелүү кызматтагыларды ээрчитип алып барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, сүйлөшүулөрдү жүргүздүк. Жыйынтыгында, ал жарандар туура тушүнүшүп, бир пикирге келишип, туура маалымат алышкан соң аймактык ооруканага жаткырылды. Ал жакка эч кандай опер кызматкерлери барган эмес, саламаттык сактоо боюнча түзүлгөн мобилдик топ барган", - деди район акими Сейтек Кулубаев.