Панфиловдогу "Камкордук" борбору мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөттү.

turmush
Скачать
Просмотров: 300
 
Опубликовано 19 Мая 2020, 19:02

Чүй облусунун Панфилов районундагы " Кожо Ата " кайрымдуулук фондунун директору, мээримдүү эне Ширманхан Кожоева " Кайрымдуулук " борборун түзгөн. Анда мүмкүнчүлүгү чектелген 22 балага билим, тарбия берүү менен алардын жашоосуна, өзгөчө ден -соолугуна такай көзөмөл жүргүзүлүп, моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүлүп келүүдө. Бул тууралуу " Кожо Ата "кайрымдуулук фондунун директору Шарманхан Кожоева мындай дейт:
"Ооба, " Кожо Ата" фонду " Волд Шейо" кайрымдуулук фонду менен өнөктөштүктө мүмкүнчүлүгү чектелген мектеп жашындагы балдарга колдоо көрсөтүп келет.
Биз мындай максатты туу тутуу менен " Камкордук" борборун түздүк. Андан 22 майып балдар билим жана тарбия алышат. Учурдагы коомдук көйгөйгө т.а. COVID -19 жугуштуу илдетине байланыштуу аларга азык-түлүк таркаттык. Башкы милдеттердин бири- майып балдардын ден - соолугуна кам көрүүбүз зарыл. Учур шартын эске алуу менен аралыктан алар менен байланышып, айрым учурларда үйлөрүнө барып, жакындан кабар алып турабыз
" Камкордук " борборуна атайын адистиктеги психолог, логопед ж.б
тартылган. Алар өз иш мерчемдеринин негизинде ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет. Ырас, балдар -биздин келечегибиз. Аларга камкордук көрүү атуулдук ыйык парзыбыз. Биздин "Волд Шейо" кайрымдуулук фонду менен кызматташта, шериктеште, өнөктөштө жүргүзгөн иш аракетибизге коомчулук өзүнүн жакшы пикирлерин жаратып келүүдө. Өзгөчө, райондун жетекчилери, айыл аймагынын башчылары, жергиликтүү тургундар жана ата-энелер ыраазычылынын билдирип, балдарга көрсөтүлгөн камкордуктарга алкоо сөздөрүн жолдошууда"-деди ал.
Ширманхан Кожоева учурда ардактуу эс алууда. Бирок, бала үчүн соккон жүрөгү, энелик мээрими аны Кожо Ата" кайрымдуулук фондун түзүүгө, " Камкордук" борборун ачып, майып балдардын келечеги үчүн кам көрүүгө түрткү берген. Туура, ал коомдогу көйгөйлүү маселелерден четте туруп, өз жашоосун деле өткөрө берсе болмок. Бирок, энелик жүрөгү ага жол бербеди. Көз алдында жашап жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн кандайдыр бир жолдор менен жардам бергиси келди. Ошондон улам фонд түзүп, " Камкордук" борборун ачып, өнөктөш " Волд Шейо" менен эл алкышына татууда.Элибиз" Бейиш эненин таман астында" дейт. Эне жүрөгү бала- деп согот
Биз да камкордук көрсөтүп, коом, эл түйшүгүнө колдоо көрсөтүп жаткан аракеттерге чын дилден ыраазычылык жолдойбуз, Ширманхан эне. Сиздей бир колу менен бешик, экинчи колу менен дүйнөнү терметкен энелер бар үчүн жашообуз көрктүү, сулуу. Сулуулук гана дүйнөнү сактап турат. Бар болуңуз, камкор эне!
Ибраим Чотов,
Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү, Билим берүүнүн отличниги.