Куюндаган катуу шамал, агымга каршы толкундаган Нарын дайрасын кечип аба чубалгысын тартып жаткан электриктер

turmush
Скачать
Просмотров: 7257
 
Опубликовано 17 Мая 2020, 12:37

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Нарын суусун кечип, аркыраган катуу куюнга карабай электр аба чубалгысын тартып жатышкан электр кызматкерлеринин түйшүктүү иш учурундагы видео тарады.

Ак-Талаа райондук электр тармагы ишканасынын ага тескемери (старший диспетчер) Таалайбек Турганбековдун маалыматына таянсак, бул окуя "Үгүт" 110/35/10 кВ көмөк чордонунан чыккан 35 кВ аба чубалгысынын Нарын дарыясынан кесип өткөн өткөөлүнүн №69 электр зым тирегин суу алып кетүү коркунучу болгондуктан зым тиректи ордунан башка жакка орнотуу жана аба чубалгысын кайра тартуу учурунда болгон.

"Жогорку электр чыңалуусун өткөргөн зым тиректи башка жакка орнотуу жана аба чубалгыларын тартуу иштерин "Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун Нарын облусттук филиалынын электр-техникалык кызматынын аба чубалгылар бөлүмү жана райондук электр тармагы ишканасы биргеликте иш жүргүзүшүүдө. Бул аба чубалгылары Жаңы-Талап, Тоголок Молдо, Кызыл-Белес айылдарын электр энергиясы менен камсыздайт. Аталган ишти бөлүмдүн инженери Рахат Нурбаев жана устат Мирлан Стамбаев жетектөөдө. Учурдагы кырдаалга байланыштуу электр энергиясын өчүрүп алуу иштөө ишемби жана жекшемби күндөргө пландалгандыктан ишти тез бүткөрүү керек болду. Ошол себептен улам, нөшөрлөп жааган жамгырга, катуу куюн коштогон аркыраган шамалга, күркүрөп кирип жаткан Нарын дарыясына карабай кызматкерлер жакшы маанайда өз иштерин так аткаруу менен иш алып барышууда", - деди Т.Турганбеков.

Ал эми тартылган видеодон жана сүрөттөрдөн электриктердин бийлеп, атургай Нарын суусун кечип 900 метрлик аба чубалгысын тартып жатышкандыктарын, ошондой эле Нарын дарыясы катуу болгон шамалдан улам агымга каршы толкундап жатканын көрүүгө болот.