Талас облусуна эч ким киргизилбейт жана чыгарылбайт

turmush
Скачать
Просмотров: 8068
 
Опубликовано 30 Марта 2020, 15:26

Бүгүн, 30-марттан тарта Талас облусуна эч ким киргизилбей жана чыгарылбайт. Бул тууралуу бүгүн,30-март күнү Талас облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тескөөчүсү Достук Абдраимов билдирди.

Анын айтымында, облустун кире бериши болгон Талас районунун Талды-Булак айылында орнотулган пост жабылды. Бүгүндөн баштап облуска эч ким киргизилбейт жана чыгарылбайт. Бул чаралар коронавирустан сактануу максатында көрүлүп жатат.

Бүгүн эле Талас облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан Бишкек–Талас каттамы боюнча рейд жүргүзңлгөнү белгилүү болгон.

«Биздин бөлүм тарабынан бүгүн атайын рейд жүрүүдө. Рейддин максаты — эл ичиндеги талкуулардын негизсиз экенин тастыктоо болду. Бир нече күндөн бери социалдык тармактарда «Бишкек–Талас каттамындагы таксилер эркин эле өтүп жатат. Жол кире 1000-1500 сом болуп кетти» деген сөздөр жүрдү. Талас облусунун кире беришинде, Талас районунун Талды-Булак айылында атайын пост коюлуп, ар бир өткөн айдоочу катталып, ичиндеги жүргүнчүлөр такталып өтүүдө. Таласта катталган гана жарандар өтүп, кайра Бишкек шаарына чыгарылган жок. Бүгүн рейддин алкагында Талас–Бишкек каттамында бир да такси жок болуп чыкты», - деген Достук Абдраимов.