«Айлабыз кеткенде ѳзүбүз жаап баштадык»: Бишкекке жашынып ѳткѳн унаалар эми Поле-Чудес айылына кире албайт.

turmush
Скачать
Просмотров: 1593
 
Опубликовано 30 Марта 2020, 11:26

Turmush – Буга чейин жергиликтүү тургундар уруксат кагазы жок айдоочулар Бишкек шаарынын аймагына кирүү үчүн Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл аймагынын Поле Чудес конушундагы Талас кѳчѳсү аркылуу жашынып ѳтүп жатышканын билдиришкен. Алар жергиликтүү бийликке, Сокулук РИИБге кайрылуудан майнап чыкпаган соӊ, ѳздѳрү жолду жаба башташканын билдиришти.