Ак-Талаада 7 жарым миңге чукул окуучу аралыктан окутуу сабагына катышууда

turmush
Скачать
Просмотров: 112
 
Опубликовано 30 Марта 2020, 03:07

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда кырдаалга байланыштуу окуучуларды аралыктан окутуу жана онлайн режиминде мугалимдер менен жыйналыштар өткөрүлүүдө. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин берген расмий маалыматына таянсак, учурдагы өзгөчө кырдаалга байланыштуу окуучуларды аралыктан окутуу боюнча онлайн режиминде билим берүү колго алынды. Аралыктан окутууга 7 450 окуучу сабакка катышууда.
Мындан тышкары ар бир мугалим окуучулар менен кайтарым байланыш түзүү менен иш алып барышууда. Ошондой эле бала бакчадагы бөбөктөр "Баластан" каналында балдар үчүн расписание жиберилип, бул боюнча тарбиячылар ата-энелерге маалымат жиберүү менен балдарга тиешелүү программаларды көрүп жатышат.
Андан сырткары, кезектеги мектеп директорлору жана бала бакча жетекчилери менен өтө турчу жыйындар жана тапшырмалар билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигинин алдында онлайн аркылуу өткөрүлүп, тиешелүү суроолорго жооптор берилип, тапшырмалар аткарууга алынууда.